01.03.2018 11:40

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталды

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталды

 Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады.

1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.
Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктады.
Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.